Жаңылыктар
"Фабула": ИИМ зөөкүрлөрдөн тазаланышы керек
Кыргызстан жаңылыктары
"Фабула": ИИМ зөөкүрлөрдөн тазаланышы керек

Басма сөзгө баяндама

Бүгүн жарык көргөн "Кыргыз Туусу" Премьер министр Сооронбай Жээнбековдун Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстандын Евразиялык экономикалык бирликте кошулуусунун жыйынтыктары тууралуу берген маалыматы менен баштады. Чакан маалымат ЕАЭБге кирдик. Эмнеден уттук, эмнеден утурдук деген  аталышта орун алган.Өкмөттүн калган дагы жаңылыктары гезиттин 4-бетинде Өткөн жылдын өсүштөрү жана өксүктөрү деген макалада уланат. Президенттин иш күндөлүгүндөгү жаңылыктар "Алакалар көңүлгө толорлук" деген аталышта Түштүк Корея менен биздин өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына байланыштуу өлкө башчыларынын  бири-бирине жолдонгон куттуктоосу, Пакистан тараптын демилгеси боюнча президент Алмазбек Атамбаев менен Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Наваз Шариф ортосундагы телефондук сүйлөшүүнү маалымдаган "Кызматташуунун кызыкчылыгындагы баарлашуу", "Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алуу учурунан жазылган Прокурордук көзөмөл жоопкерчиликти жогорулатат" деген аталышта ошондой эле  расмий дайындоолор орун алган. 

Кененирээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"