Жаңылыктар
Интернет өспүрүм балдарды ата-энелеринен алыстатууда
Кыргызстан жаңылыктары
Интернет өспүрүм балдарды ата-энелеринен алыстатууда

Социалдык тармактардын терс таасиринен улам өспүрүм балдар ата –энелеринен алыстап кетүүдө. Жада калса интернет айдыңына берилген балдар, ар кандай үрөй учурган топторго кошулуп,  өз жанын кыйганына  барып жатат дешет адистер. 

Андыктан ата-энелер балдарына көңүл буруп социалдык тармакта олтурууга чектөө киргизүүсү зарыл. Ушул жылдын январь айынан бери 15 өспүрүм бала өз өмүрүнө кол салган. Бул кырдаалга дагы интернеттин таасиринен улам түзүлсө керек деп болжолдошууда.

Бегайым Абдыкадырова, “Биринчи радио”