Жаңылыктар
Кубаттуулугу күчтүү унааларга салык көбөйүшү мүмкүн
Экономика
Кубаттуулугу күчтүү унааларга салык көбөйүшү мүмкүн

Жогорку Кеӊеш кубаттуулугу күчтүү унааларга салыкты көбөйтүүгө багытталган мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Документке депутаттардын 59 макул, 58 каршы добуш берди. Коомчулук муну, сыймыктуу байлыкка салыкты жогорулатууга мүмкүндүк берген мыйзам долбоору катары кабыл алат. Анткени, документке ылайык, Кыргызстанда 2015- жылга чейинки жана кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 3,5 - 4 миӊ куб сантиметрден жогорку авто унаалар сыймыктуу байлык болуп эсептелет. Мисалы, жаңы Лексус – GX-570  үлгүсүндөгу кыймылдаткычынын жумушчу көлөму 5700 куб унаасы үчүн, азыркы учурдагы 5100сомдун ордуна эми  20520 сом  төлөгөнгө туура келет. 

Гүлбүбү Усенова, "Биринчи радио"