Жаңылыктар
Ветеринардык көзөмөл жылдын аягына чейин оң жака чечилет
Экономика
Ветеринардык көзөмөл жылдын аягына чейин оң жака чечилет

Учурда өкмөттүн артыкчылыктуу багыттарынын бири кыргыз-казак чек арасында ветеринардык көзөмөлдү алуу болууда. Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун билдирүүсү боюнча чек арадагы бул көзөмөл 2017-жылдын аягына чейин оң жагына чечилет. 

Мындан тышкары Жогорку Кеңеште Өкмөттүк саат учурунда премьер, өлкө эт жана сүт азыктарын экспорттоосу үчүн бир катар талаптарды аткаруусу зарылдыгын билдирди. Ал арада жергиликтүү серепчилер буга чейин берилген убадалардын аткарылбай жатышына жүйөлүү себептер бар экенин айтышууда. 

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"