Жаңылыктар
Өлкөдө даават маселеси дагы козголо баштады
Дин
Өлкөдө даават маселеси дагы козголо баштады

Буга айрым диний топтордун пайда болуп, тездик менен жайылып баратканы себеп.

Даават бул жөнөкөй тил менен айтканда, элди Ислам динине үгүттөө. Бул көрүнүш Кыргызстанга келгенине көп жыл болгон. Мындай аракеттер менен “Таблиги жамааты” кыймылы алектенип келет.

Бул кыймылдын ишмердүүлүгүнө Казакстан, Орусия жана башка бир катар мамлекеттерде тыюу салынган.

Бүгүнкү күндө эксперттик коомчулук динге үгүттөөдө ар кандай жашыруун коркунучтардан этият болуу зарылдыгын айтып, коңгуроо кагышат. Бул көрүнүш карапайым өлкө тургундарынын да тынчын алып, Дааваттын күн сайын күч алганы кооптонуу жаратканы белгиленет.   Акыркы жылдары эле өлкөдө “Инкар Йакын” деген ат менен өзүнчө диний топ пайда болгон. Алар Мүфтиятка да, мамлекеттик органдардын тескөөсүнө да баш ийбейт. Дин таануучулар аны жашырынган коркунуч деп сыпатташат.  

Бозулан Ысаков, “Биринчи радио”