Жаңылыктар
Москвада эрдик көргөзгөн кыргыз жигити
Кыргызстан жаңылыктары
Москвада эрдик көргөзгөн кыргыз жигити

11-февралда эс учун жоготкон аял  метродогу темир жолго кулап калган, аны куткаруу үчүн полиция кызматкери менен бирге мекендешибиз дагы жардам көргөзгөн. Жыйынтыгында Юлия Валь аттуу аялды аман алып  калышкан.  Алардын кылган иши Орусиянын жана Кыргызстандын социалдык тармактарында чоң талкууга алынды.

Алардын бул жакшылыгын тасмадан көргөн интернет колдонуучулары мактап, ыраазычылыгын билдирип жаткандар арбын. Арасында Кыргызстандыктар дагы мекендешибиздин мындай ишин чоң эрдик деп эсептешет. Анткени адамды куткарам деп  өздөрү жабыркап калышы мүмкүн болгон. Учурда аман калган Юлия Валь ооруканада. 

Максат менен бирге жардамга келген экинчи адам шаардык полиция кызматкери Артем Королюк болгон. Ал ортодо Москванын Ишки иштер башкармалыгы полиция кызматкери Артем Королюкту мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүшүп, Орусиянын бир канча ири каналдары анын эрдигин мактап, бирок мекендешибиз тууралуу эч кандай маалымат айтылган эмес. 

Албетте мындай көрүнүш көпчүлүктүн нааразычылыгын жаратып, аталган каналдарга сын-пикирлер көп айтылып, талкууга алынгандан кийин гана учкай сөз кошуп кетишкен.

Ал эми Максат Исаев   башка адам деле мындай кырдаалда жардам көргөзмөк деген оюн билдирген. Мекендешибиз  28 жашта, бир кыздын атасы. Москвада 8 жылдан бери эмгектенип келет.