Жаңылыктар
Ош: жатаканада жашаган айрым үй-бүлөлөр үйсүз калуу коркунучунда турат
Кыргызстан жаңылыктары
Ош: жатаканада жашаган айрым үй-бүлөлөр үйсүз калуу коркунучунда турат

Ош шаарынын Урицкая көчөсүндөгү № 4 көп кабаттуу жатаканада жашаган айрым үй-бүлөлөр үйсүз калуу коркунучунда турат. Себеби жатакананын ээси андагы жашоочулардын үйдү бошотуп коюусун талап кылууда. Бул тууралуу жатакананын онго жакын жашоочулары маалымат  жыйында билдиришти. Айтымдарында, үй буга чейин мамлекеттин карамагында болуп,  мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен. Кийин ижара акысын кымбаттатып жиберген.  Жашоочулардын мындай даттануусун четке каккан үй ээси жатакана 24 жылдан бери өз  карамагында экенин айтат. 

Нааразы болуп чогулган жашоочулардын даттануусун үй ээси четке кагып, 78 батирлүү жатаканын тиешелүү документтерин көргөздү. Анын айтымында, жатакана 1993-жылдан бери өзүнүн менчиги болуп келген. Ал эми үйдөн чыгарылып жаткан жашоочулар убагында ижара акысын, соцфонд төлөмдөрүн төлөшкөн эмес. Бул маселе боюнча бир нече ирет шаардык сотто иш козголуп, натыйжада үй жеке ишкердин карамагымда экени аныкталган. Ал үчүн атайын токтом кабыл алынып, өзүнүн кыймылсыз мүлкүнө ээлик кылуу, пайдалануу жана башкаруу укугу берилген. 

Осмонкулов  кошумчалагандай шаардык соттун бул чечими жыйынтыктоочу эмес. Буга нааразы тарап апилляциялык тартипте Ош облустук сотуна кайрылышкан. Учурда ал боюнча иш ачылып, 5 жашоочунун арызы сотто каралууда.

Асанбек Пазыл, "Биринчи радио, Ош.