Жаңылыктар
Жазгы талаа иштерине карата дыйкандар үчүн түзүлө турган шарттар
Айыл чарба
Жазгы талаа иштерине карата дыйкандар үчүн түзүлө турган шарттар

Алдыда жаз - жарыш. Айыл-чарба өндүрүшчүлөр жазгы талаачылык иштерине даярданууда. Ал эми айрым областтарда даярдык кызуу жүрүүдө деп дагы айтсак болот.

Жогорку Кеңеш бул жумада мына ушул маселени карап, даярдыктар тууралуу өкмөттүн отчётун укту. Алардын негизгилери катары - калкка насыя менен техниканы лизингге берүү жана дыйкандарды күйүүчү май менен камсыздоо маселеси талкууланды. 

Мындан тышкары банктар фермерлерге лизинг шарты менен бериле турган айыл чарба техникаларына жеңилдиктерди карады. Мурда аны алыш үчүн фермер техниканын 30% наркын алдын ала төлөсө азыр, 10%дык гана акчасын төлөп ала берсе болот. 

Дагы бир маанилүү маселе өкмөт быйыл дыйкандардан 20 миң тонна буудайды мамлекеттин материалдык резервине сатып ала турганын жарыя кылды. Наркы канча сомдон болоорун жакынкы күндөрү алдын ала так айтат. 

Жыйынтыгында парламент айрым сунуш-пикирлерди айтуу менен отчётту жактырды. Жазгы талаачылык иштерине даярдыктар тууралуу кененирээк Тариэл Чунгуловдун материалында:


w