Жаңылыктар
Атамбаев Улуттук банктын төрагасы Абдыгуловду кабыл алды
Экономика
 Атамбаев Улуттук банктын төрагасы Абдыгуловду кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды. Жолугушууда Мамлекет башчысына туруктуу макроэкономикалык кырдаалды камсыз кылуу, инфляция деңгээлин төмөндөтүү, улуттук валютанын туруктуу курсун кармоо, банк жана төлөм системаларынын коопсуздугун камсыздоо боюнча жасалып жаткан иштер тууралу маалымат берилди. 

Толкунбек Абдыгуловдун сөзү боюнча, 2016-жылы төмөнкү инфляция чөйрөсү калыптанды: керектөө бааларынын индекси 2015-жылга салыштырмалуу 0,5 пайызга ылдыйлады. Мындан тышкары Улуттук банктын башчысы Президентке жаңы банк мыйзамдарынын ченемдеринин күчкө киришин эсепке алуу менен финансылык жөнгө салгычтын мындан аркы иш пландары тууралу айтып берди. Бул пландар дүйнөлүк банк практикасына ылайык келүү менен банк жана төлөм системаларынын коопсуздугун камсыздоо үчүн мыйзам негиздерин түзүүгө багытталган.

Президент Алмазбек Атамбаев финансы-кредиттик мекемелердин туруктуу жана ишенимдүү ишинин маанилүүлүгүн белгиледи, Аталган мекемелер өлкөнүн узак мөөнөттүү экономикалык өнүгүшүнө өбөлгө болуу үчүн финансы ресурстарын ишкерлер менен жарандардын кызыкчылыктарына жумшоого тийиш.