Жаңылыктар
Террорду каржылоого шектүү адам кармалды
Кылмыш
Террорду каржылоого шектүү адам кармалды

Эл аралык террордук уюмга каржылык колдоо көрсөтөт деген шек менен Бишкекте 33 жаштагы адам кармалды. 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдиргендей, 2- февралда колго түшкөн шектүү 2012-жылы Египетте жана Сирияда диний билим алган.

Ошол кездери эле террордук топтор менен байланыш түзүп, экстремисттик уюмдарга колдоо көрсөтүү максатында араб мамлекеттеринин биринде коммерциялык ишмердик менен алектене баштаганы атайын кызматтын кабарында айтылат. 

2015-жылы Кыргызстанга келип, радикал топторду каржылоо багытында ишин улантып жаткан.

Учурда шектүү УКМКнын тергөө абагында кармалууда.