Жаңылыктар
Хоккей боюнча курамабыз Японияда өтө турган Кышкы Азия оюндарына катышат
Спорт
Хоккей боюнча курамабыз Японияда өтө турган Кышкы Азия оюндарына катышат

Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы Японияда өтө турчу сегизинчи Кышкы Азия оюндарына катышат. 

Команданын мелдешке болгон даярдыгынан Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков кабар алды. 

Анда спикер Турсунбеков хоккейчилерге ийгиликтерди каалап, Жогорку Кеңештин төрагасынын фондусунан жүз миң сом бөлүп берди. 

Эскерте кетсек, Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы 2013-жылы Казакстанда өткөн чемпионатта алтын медаль алышкан.