Жаңылыктар
Тоң району айдап-себүү иштерине даярдык көрө баштады
Айыл чарба
Тоң району айдап-себүү иштерине даярдык көрө баштады

Тоң районундагы айылдар жазгы айдап-себүү иштерине даярдык көрө баштады. Бөкөнбаев айылындагы механизаторлор жазгы айдап-себүү иштерине даяр. Себеби бул ишкана 2016-жылдын ноябрь айында эле жаңы түзүлүп, техникалардын баардыгы жаңы. 

Азыркы тапта жалпы он бир техниканын абалы бир сыйра текшерүүдөн өтүп, алты адам жумуш орун менен камсыз болду. Белгилей кетсек, Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө караштуу бул муниципалдык мекеме Ысык-Көл облусунда биринчи жолу ишке кирген. 

Күн-Чыгыш айыл аймагында жалпы эки миң жети жүз гектар айдоо жери бар. Бул айдоо аянттары бүткөрүлгөн соң коңшу айылдарга жардам берилет, - дешет айыл өкмөтүнөн.