Жаңылыктар
Жаш жигитти токмоктогондор милиция кызматкерлери болушкан
Кырсык
Жаш жигитти токмоктогондор милиция кызматкерлери болушкан

Бул кырсыкка байланыштуу Ички иштер министрлиги кылмыш ишин козгоп, окуянын чоо-жайын иликтемек болду. Ал арада милиция кызматкерлеринин колунан таяк жеген жаш жигит катуу сабалып ооруканага түштү. 

Жабырлануучунун атасы милиция кызматкерлери уулума жөнү жерден кол көтөргөн деп айыптап жатат. Түн ортосунда аялдамада жол тосуп турган жигитти кафеден чыккан эки мас адам катуу сабап салган. 

Бейбаштардын жоругу кафенин видеокөзөмөлүнө түшүп калган. Капарсыз келе жаткан жигитти сыртка чыккан эки кишинин бири чыканагы менен бетке чапкан. Аларга жооп иретинде сокку узатканда олбурлуу келген тартип сакчысы көйрөн жолдошуна болушуп берки баланы баса калып сабап кирген.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы мушташка Аламүдүн райондук милиция кызматкерлери аралашканын, алардын аты-жөнү такталып кармалганын, тийиштүү материалдар прокуратурага өткөрүлүп берилгенин кабарлаган. Бирок көп өтпөй “туура эмес маалымат тарап кетиптир” деген жүйө менен аны четке какты. Бул окуя боюнча кылмыш иши да ачылып териштирүү иштери жүрүүдө.

Окуя тартылган видео интернетке тарап, соцтармакта отургандардын нааразылыгын жаратууда. Чынында тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү минтип чырлуу окуяга аралашканы уят көрүнүш.