Бишкекте 11-класстын окуучусу 8-кабаттан боюн таштап жиберген.
Шаардык милициянын маалыматына караганда, 6-кичирайондо жашаган окуучу кыз сегизинчи кабаттан секирип кеткен.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кыз ошол жерде жан берген.
Учурда бул факт боюнча тактоо иштери жүрүүдө. Окуучунун өлүмү айтылып жаткан “Көк кит” оюнуна тиешеси бар же жогу такталууда.
Эскерте кетсек, буга чейин дагы 1-февралда Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунда жашаган сегизинчи класстын окуучусу, 5-кабаттын терезесинен боюн таштап, көз жумган.