Жаңылыктар
"Себаттын" аталышы өзгөрүлүп, өкмөттүн көзөмөлүндө болот
Билим
"Себаттын" аталышы өзгөрүлүп, өкмөттүн көзөмөлүндө болот

Буга чейин “Себат” окуу жайларынын белгилүү дин ишмери менен түздөн-түз байланышы бар деген маалымат чыккан. Бирок аталган мекеменин жетекчилиги аны четке кагып, башка мектеп жана университеттердей эле светтик билим берет деп белгилешкен. 

Мындан тышкары, мекеменин бүтүрүүчүлөрү жакшы билим алып, мыкты жогорку жайларга өтүп, эч кандай шектүү кыймылдарга киргизүү боюнча үгүт иштерин жүргүзбөстүгүн билдирди.

“Себат” эл аралык билим берүү мекемесинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө мындан ары Билим берүү министрлиги ээлик кылат. Мындай чечимди өкмөт кабыл алып, тиешелүү документтер Юстиция министрлигинин кароосуна жиберилди. 

Ага ылайык, билим берүү мекемесинин кыргызстандагы филиалынын аты да өзгөрөт. Буга байланыштуу 3-февралда билим берүү министрлиги Бишкектеги “Ататүрк-Ала-Тоо” университетине барып, окуу шарттары жана техникалык абалы менен таанышты.