Жаңылыктар
Ажылык сапарга каттоо башталды
Дин
Ажылык сапарга каттоо башталды

2017-жылы ажы сапарына чыгуучуларды каттоо иши 6-февралда башталып, 6-мартка чейин жүргүзүлөт. 

Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы билдирди. 

Быйыл Кыргызстанга ажылыкты уюштуруу боюнча 4585 квота берилди. 

Ажылык сапарына биринчи жолу аттанып жаткан мусулмандар 6-февралдан 6-мартка чейинки мөөнөттө Дин башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда каттоодон өтө алат. 

Ал эми ажылыкка мурда барып келгендер үчүн каттоо бош орундар калса гана, 6-марттан кийин ачылат.