Жаңылыктар
Мыйзамсыз курулуштарга кылмыш иши козголду
Кыргызстан жаңылыктары
Мыйзамсыз курулуштарга кылмыш иши козголду

Былтыр Бишкектеги мыйзамсыз курулуштар боюнча 8  кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын коллегиясында айтылды.

 Шаардык прокуратура борбордогу 260 объекти текшерген. 

Анын жыйынтыгы боюнча 117 курулуш имараттарында мыйзам бузуулар бар экени аныкталып, 74 прокурордук чара көрүү актсы түзүлгөн. 

Анын алкагында айрым курулуш компаниялардын уруксат кагаздарды чакырылып, айрым объекттерде курулуш иштери токтотулган.