Жаңылыктар
3 айлык маяналарын ала албай жүргөн жол куруучулардын көйгөйүн ким чечет?
Кыргызстан жаңылыктары
3 айлык маяналарын ала албай жүргөн жол куруучулардын көйгөйүн ким чечет?

Балыкчы-Корумду жолунун куруучулары 3 айлык эмгек акыларын алыша элек. Буга Транспорт жана жолдор министрлиги менен “Лонг Хай” компаиясы бири-бирин айыптоодо. 

Ишкана министрлик каржылоону негизсиз токтотуп койгонун айтууда. Жолду 6 миллиард сомдон ашуун каражатка куруу келишими түзүлгөн. Бүгүнкү күнгө чейин анын 1 жарым миллиарды гана бөлүндү. Министрлик келишимди жаңылоону сунуш кылууда. Бул маселеге байланыштуу талаш-тартыштар Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жыйынында талкууланды.

Жалпы эле өлкө жолдорун курууга багытталган жыйында Балыкчы-Корумду жолуна байланыштуу маселе өзгөчө талкууланды. Анын куруучулары эмгек акыларын ала албай жатышканын айтып, бир нече ирет митингге чыгышкан. Ишти аткаруу милдетин алган “Лонг-Хай” компаниясы муну мамлекеттен каржылоо токтогону менен байланыштырат. 

Ал эми “Лонг Хай” компаниясы башка пикирде. Келишим түзүп жатканда долбоордо электр камсыздоо, телефон линиялары, интернет-коммуникация, суу түтүктөрү эске алынбай калган. Бул үчүн кошумча документтерди даярдап, ага ылайык ишти аткаруу дагы 73 миллион сомду талап кылганын айтууда. Жумушчулардын маяна ала албай жатышы компанияга таандык жалгыз көйгөй эмес.

Жыйында министр каржылоо калыбына келет деп убада берди. Балыкчы-Корумду жолу 100 чакырымдан ашуун аралыкты камтыйт.