Жаңылыктар
«Мария Тюдор» пьесасы сахналаштырылып, Чыңгыз Айтматов атындагы театрда коюлду
Маданият
«Мария Тюдор» пьесасы сахналаштырылып, Чыңгыз Айтматов атындагы театрда коюлду

Француз жазуучусу, акын жана драматург Виктор Гюгонун «Мария Тюдор» пьесасы сахналаштырылып, Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында коюлду. Коюучу режиссёру Шамиль Дыйканбаев. 

Спектакль 2 ай бою даярдалып, ал Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Валентина Григорьевна Гилкага арналды. 

“Мария Тюдор” пьесасы 1833-жылдын сентябрь айында жазылып, ошол эле жылдын ноябрь айында Париждеги "Порт-Сен-Мартен" театрында премьерасы коюлган. 

Спектакль орус драма театрынын репертуарына кирип, эл аралык сынактарга көрсөтүлмөкчү.