Жаңылыктар
С.Жээнбеков башкы ыктыярчылар менен жолукту
Кыргызстан жаңылыктары
С.Жээнбеков башкы ыктыярчылар менен жолукту

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 16-январдагы «Боинг-747» учагынын кыйроосунда жабыркагандарга жардам көрсөткөн ыктыярчылар менен жолукту.

Суроо-жооп иретинде өткөн жолугушуу, кырсыктан курман болгондорду эскерип, бир мүнөттүк тыныгуу менен башталды. 

Сооронбай Жээнбеков жабыркагандарга жардам берип, убагында кийим-кечек, керектүү азыктар менен камсыз кылып, биринчи жардам көрсөткөн ыктыярчылардын жардамы өзгөчө алкоого татый турганын баса белгиледи. 

Аны менен катар өлкөнүн бардык аймагында каражат чогултуу иштери уюштурулгандыгын да кошумчалады.