Жаңылыктар
Маданият үйүнө муктаж айыл тургундары
Кыргызстан жаңылыктары
Маданият үйүнө муктаж айыл тургундары

Аксы районундагы Жаңы-Жол айыл аймагынын турундары көп жылдан бери маданият үйүнө муктаж.

 Анткени өткөн кылымдын ортосунда салынган маданият үйүнүн имараты эскирип, 10 жыл мурда эле кулап жок болгон. 

Мындан улам элет тургундары маданий иш-чараларды өткөрүүдө кыйынчылыктар жаралып жатканын айтышат. Жаңы-Жол айыл аймагы 3 айылдан турганы менен аймакта эмканалардан башка эч бир социалдык имарат жок. 

Ал эми элет тургундары көп жылдан бери маданият үйүнөн сырткары бала-бакча жана башка учур талап кылган бир катар имараттарды куруп берүү маселесин көтөрүп келишет. Учурда Жаңы-Жол айыл аймагындагы жашочулардын саны 8 миңден ашат.