Жаңылыктар
Балыкчы-Корумду жолунун куруучулары эмгек акыларын алыша элек
Экономика
Балыкчы-Корумду жолунун куруучулары эмгек акыларын алыша элек

Балыкчы-Корумду жолунун куруучулары 3 айлык эмгек акыларын алыша элек. Буга Транспорт жана жолдор министрлиги менен “Лонг Хай” компаиясы бири-бирин айыптоодо. Ишкана министрлик каржылоону негизсиз токтотуп койгонун айтууда. Жолду 6 миллиард сомдон ашуун каражатка куруу келишими түзүлгөн. Бүгүнкү күнгө чейин анын 1 жарым миллиарды гана бөлүндү. Министрлик келишимди жаңылоону сунуш кылууда. Бул маселеге байланыштуу талаш-тартыштар Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жыйынында талкууланды.

Жалпы эле өлкө жолдорун курууга багытталган жыйында Балыкчы-Корумду жолуна байланыштуу маселе өзгөчө талкууланды. Анын куруучулары эмгек акыларын ала албай жатышканын айтып, бир нече ирет митингге чыгышкан. Ишти аткаруу милдетин алган “Лонг-Хай” компаниясы муну мамлекеттен каржылоо токтогонду менен байланыштырат. Эл өкүлү Мирлан Бакиров министрди маселеге көңүл бурууга чакырды.

Балыкчы-Корумду жолу 100 чакырымдан ашуун аралыкты камтыйт. Курулуш иштери толугу менен 2018-жылы бүткөрүлөт деп болжолдонууда.

Калыгул Асамбаев, "Биринчи радио"