Жаңылыктар
Казаков: билим берүүнүн сапаты начарлады
Маданият
Казаков: билим берүүнүн сапаты начарлады

 Адеп, ыйман жана маданият жылында аткарылчу иш-чаралардын тизмесин өкмөттүн алдындагы атайын комиссия бекитүүдө. Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаковдун айтымында, бүгүнкү күндө 30дай багыттын тизмеси түзүлдү. Коомчулуктан келген кат-сунуштардын негизинде тизме дагы толукталышы мүмкүн. Негизинен адеп жылында өткөрүлчү иш-чараларга өлкөдөгү баардык мекеме-ишканалар, бала бакча, мектеп, жогорку окуу жайлары тартылат.

Адеп жылында аткарылчу иштер арбын. Ал бир эле министрликке же мекемеге тиешелүү эмес. Коомдун ар бир өкүлүнө жараша иш-чаралар өткөрүлүп, тарбия жаатында социалдык тасмалар тартылып, тынымсыз аракеттер көрүлөт.