Жаңылыктар
Быйыл өкмөт экспорттун көлөмүн көбөйтөт
Экономика
Быйыл өкмөт экспорттун көлөмүн көбөйтөт

 Өкмөт айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагын жылына 6 пайыздык үстөк менен жеңилдетилген насыялоо боюнча долбоорду бекитти. Документке премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду жана бул аракеттер "айыл чарбасын каржылоо - 5" долбоорунун алкагында жүзөгө ашырылат. Ага ылайык коммерциялык банктар жана финансылык-кредиттик мекемелер каражаттарды ишкерлерге жана физикалык жактарга жеңилдетилген пайыздык үстөктөр менен бере баштайт. Ошол эле учурда өлкөдө бодо малды идентификациялоо боюнча жумуштар башталды.

Быйыл өкмөт экспорттун көлөмүн көбөйтөт. Бул максатта аткарыла турган иштердин тартиби бекитилген. Себеби былтыр Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдөгү экономикалык кырдаал жалпы эле дүйнөлүк экономикалык каатчылык Кыргызстандын каржылык абалына да таасирин тийгизди. ЕАЭБге кирген мамлекеттер анын ичинде Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 1 млн 743 миң долларды түзүп, бул көрсөткүч 16,7 пайызга кыскарган. Экспорт 8,1 пайызга жана импорт 18, 5 пайызга төмөндөгөн.