Жаңылыктар
Жумгал районунун кубогу үчүн ачык турнир аяктады
Спорт
Жумгал районунун кубогу үчүн ачык турнир аяктады

 Чаек айылында хоккей боюнча Жумгал районунун кубогу үчүн ачык турнир аяктады. Ага өлкө аймагынан 8 команда катышты. Бешинчи жолу уюштурулган бул турнирге өлкөдө күчтүү делинген Нарын шаарынын «Ала тоо» жана Бишкектин «Арстан» командалары келишкен жок. Анткени, алардын негизги оюнчулары Кыргызстандын курамасынын катарында Японияда өтүүчү Азиянын биринчилигине даярданышууда. Анткен менен, мындай жагдай эки күнгө созулган мелдештин кызыктуулугуна көлөкө түшүргөн жок. Тескерисинче, биринчи жолу муз аянтчасына чыгышкан жаңы командалар лидерлерге татыктуу каршылык көрсөтүштү.

Жумгал жергесиндеги мына ушул саамалык дале уланып, ал өлкөбүздүн Азия регионунда лидерлердин болуусуна жол ачкандыгы бүгүн турмуш чындыгы. Мына ушуну колдон чыгарбоо максатында жергилктүү ишкерлер үстү жабык муз сарайын курууга ниеттенишүүдө.