Жаңылыктар
Текебаев өлкө жетекчилигинин дарегине карата далилсиз сын-пикирин билдирди
Саясат
Текебаев өлкө жетекчилигинин дарегине карата далилсиз сын-пикирин билдирди

 "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев кезектеги маалымат жыйынын куруп, адаттагыдай эле өлкө жетекчилигинин дарегине карата сын пикири менен чыкты. Бирок эч кандай далилсиз. Маселен ал өткөн маалымат жыйынында Евразия экономикалык биримдигине Кыргызстандан барган өкүлдөр татыксыз экенин, алар жогорку кызматтагы чиновниктердин жана ишкерлердин балдары деп жарыя кылган. Бирок ал айткандары да далилденген эмес. Андыктан Өмүрбек Текебаевдин билдирүүлөрү коомчулукта таң калууну деле жаратпай калды.

Бул жолу дагы Өмүрбек Чиркешович маалымат жыйынга бомба жарганы келатканы айтылган. Бирок бүгүнкү билдирүүлөрү деле мурдагы маалыматтарынан көп айырмаланган жок. Мурдагыдай эле көп интригалар, далили жок маалыматтар менен коштолду. Бүгүн Өмүрбек Текебаев президенттин кирешелери тууралуу айтып береби белгилүү болду. Бирок өзү бирөөнүн байлыгын саноо кыргызга жат көрүнүш экенин айтат.

Бүгүн маалымат жыйын деп айтылганы менен Өмүрбек Текебаев суроолорго жооп берүүдөн баш тартты. Бир гана журналисттин суроосуна жарым жартылай жооп узатты. Бирок Ата Мекенчилердин лидери муну менен коштошкон жок, кабарчыларды ал кийинки шейшембиге маалымат жыйынга чакырды. Анда Өмүрбек Чиркешович дагы кандай негизсиз айыптоолор менен чыгаарын күтө туралы.