Жаңылыктар
"Фабула": Түлеев түрмөдө “авторитет” болгонбу?
Саясат
"Фабула": Түлеев түрмөдө “авторитет” болгонбу?

Басма сөзгө баяндама

Бүгүн жарык көргөн "Фабула" Түрмөдө “авторитет” болгон Түлеев деген теманы койду. Бул тема гезиттин 3-бетинде уланып, анда Нариман Түлеевдин зыяндын ордун толтурду деген шылтоо менен мөөнөтүнөн мурда абактан бошогону жазылып, түрмөдө авторитет болдум деп мактанып маек курса уялбагандан өзүң уял деген ушул тура дейсиң,  жеп-ичти делип соттолуп түрмөгө отуруп чыкканын мактанганына караганда деңгээли төмөн экендиги көрүнүп турат деп айтылат. "Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт" дегендей өзүнө окшоп коррупция менен айыпталып камалып айып пул төлөп чыккан Акматбек Келдибековду президентик шайлоого чыкса Нарын облусу менен Бишкек шаарында колдоо көргөзүп  каржылык жардам кылууга убада бергени айтылып жатат деп, андан ары менде  500 миллион доллар бар, Бабановдо да мындай акча жок  деп актанган жайы бар дегенди да окурмандарга жарыя кылды. Андан ары алдыңкы бетинде жарыя кылган маалыматтарды  “Ийри таяктын көлөкөсү түз болбойт” же талапкерлер көп, так бирөө дегенди, “Көк китке” берилип, көз жумгандар көбөйүүдө деген тынчсызданууну, Арзыбаган акча алат деген архив агенттигинин директору Орунбай Ахмедовдун турмушу  май көл-сүт  жашоону элестетет деп архивчилер нааразы дегенди Текебаев 2010-жылкы парламенттик шайлоонуну астында орус ишкерлеринен 1 миллион доллар алган дегенди ачыктап койбойсузбу деп Дүйшөн Чотоновго кайрылгандарын окуй аласыздар. Мындан тышкаркы майда маалыматтар Иш артында “ИКС” кардиналдар ким? Кадыркулов “түндүкэлектр” ишканасына директор болду, куйругун карматпаган Имамидин Ташиев, Бийликти кызыл кулактар башкарышы керекпи же Бабанов туурасында, Исраилов ИИМди тазалай баштадыбы?, Бийликтин кадырын кетирген Кайыпов, “Өнүгүү Прогресс” ичтен ирип жатабы? Кызыл кулак деген аталышта орун алды. Кененирээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"