Жаңылыктар
Бабанов: саясатчылардын ортосунда ынтымак болушу зарыл
Саясат
Бабанов: саясатчылардын ортосунда ынтымак болушу зарыл

Парламенттеги “Республика-Ата-Журт” фракциясы Жогорку Кеңештин  төрагасын чакыртып алуу демилгесинен кайтты. Муну фракция лидери спикер менен сүйлөшүү жүрүп, парламент жыйындарындагы регламенттер боюнча мунаса табылганы менен байланыштырды. Буга чейин Өмүрбек Бабанов төрага Турсунбековду жыйынды адилеттүү алып барбай жатат деп сындап, өз фракциясы спикерди чакыртып алуу демилгеси менен чыгаарын жарыялаган. Анда өкмөттүн ишмердүүлүгүнө карата да сындар айтылган эле. 

Саясатчылардын ортосунда ынтымак зарыл экенин белгилеген Өмүрбек Бабанов өзү жетектеген фракция спикерди чакыртып алуу демилгесинен кайтканын билдирди.

Ошентип спикердин кызмат ордуна байланыштуу маселе Чыныбай Турсунбековдун пайдасына чечилгендей. Анын иштен кетүү демилгесин дагы деле көтөрүп жаткан “Өнүгүү-Прогресстин” добуштары чечүүчү күчкө ээ эмес. Аткаруу бийлигинин да абалы “Республика-Ата-Журттун” соңку кадамынан улам жеңилдеди.

Калыгул Асамбаев, "Биринчи радио"