Жаңылыктар
Психолог: балаңар эмне менен алек болуп жатканын көзөмөлдөгүлө
Кыргызстан жаңылыктары
Психолог: балаңар эмне менен алек болуп жатканын көзөмөлдөгүлө

4-февраль күнү дагы  бир кыз сегизинчи кабаттан секирип өз жанын кыйган. Ал  Бишкек шаарынын 6-кичирайонунда жашаган 11-класста окуган  18 жаштагы кыз экени такталды. Ички иштер министрлигинин маалыматты боюнча кыз ошол жерде жан берген. Андан көп өтпөй Кадамжай районундагы дагы бир баланын өлүмү катталды. Анда эки классташтын ортосунда  чырдан улам бала каза тапкан. 

Бул фактылар боюнча кылмыш иши козголуп тергөө иштери жүрүп жатат. Ички иштер кызматкерлери бул өлүм фактылары  “көк кит”, “тынч үй” сыяктуу  социалдык оюнга тийштиги жок экени  айтышууда. Бирок психологдор ата-энелерди жана мугалимдерди балдарга көбүрөк көңүл бөлүп эмне менен алек болуп жатканын көзөзөмөлдөөсү зарыл деп эскертет. 

Бегайым Абдыкадырова, “Биринчи радио”