Жаңылыктар
Ысык-Көл району: Өрнөк айылында спирт ичимдиктери сатылбай турган болду
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көл району: Өрнөк айылында спирт ичимдиктери сатылбай турган болду

Ысык-Көл районундагы Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн Өрнөк айылындагы дүкөндөрдө мындан ары спирт ичимдиктери сатылбай турган болду. Тургундар айыл дүкөндөрүндөгү бардык алкоголдук товарларды өз каражаттарына сатып алышып, жок кылышкан.

Айылдыктардын мындай демилгесин жергиликтүү бийлик да колдоого алууда. Мындай кадамды эми Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн карамагындагы башка айылдардын тургундары да колдоорун айтып чыгышты.

Социологдор акыркы маалдарда айыл жерлеринде спирттик ичимдиктерди ичүү көрүнүшү азайып баратканы менен араккечтик көйгөйү дале болсо бар деп айтышат.  Өрнөк айылынын тургундарынын бул аракетин эми Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн карамагындагы 4 айылдын тургундары да колдоп, аны уланта турганын айтып чыгышты.

Буга чейин Ысык-Көлждүн бир катар айылдарында, Чүйдүн Москва районунун Александровка айыл аймагынын Беш Корун айылында, Нарындын Кочкор районунун Комсомол айылында, Жалал-Абаддын Ноокен районунун Кара-Булак айылдарында жергиликтүү элдин чечими менен алкоголду сатууга тыюу салынган.  

Бозулан Ысаков, "Биринчи радио"