Жаңылыктар
2018-жылы Кыргызстанда тамекиге баа жогорулайт
Экономика
2018-жылы Кыргызстанда тамекиге баа жогорулайт

Жогорку Кеңештин тармактык комитети  тамеки заттарына карата акциздик салыкты көтөрүүгө багытталган мыйзам долбоорун жактырды. Мыйзам  долбоору менен  демилгечилер, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде белгиленген тамеки заттарына  акцизди жогорулатуу, экинчиден өлкөдөгу чылым чегүүнү азайтууну көздөөдө. Тамекиге акцизди жогорулатуу менен айрым  өлкөлөр  калкын  жаман адаттардан  алыстакандыгын  талдоочулар айтууда.

Эске  салсак,  республикада  өткөн 2016-жылдын  1-январдан тарта тамекиге салынган акциздин баасы кымбаттаган. Акциз баасы чыпкасы жок тамекинин 1 миң даанасына 100 сомдон 400 сомго чейин өскөн. Ал эми чыпкалуу тамекилердики мурдагы 750 сом өлчөмүндө эле калган.   

Адистердин алдын ала божомолдору боюнча,  2018-2020-жылдары  тамекинин  импорту  2016-жылдагы деңгээлде калса, анда акцизден тушкөн салыктын көлөмү төмөнкүдөй болушу мүмкүн.  

Гүлбүбү Усенова, "Биринчи радио"