Жаңылыктар
Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды
Өзгөчө кырдаал
Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды

Бүгүн, саат 8дерде Кыргызстандын түштүк аймагында күчү 4-4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык,   жер силкинүүнүн очогу Чаткал тоо кыркаларында болгон. Мындан тышкары силкинүүнүн күчү тоо кыркаларына жакын жайгашкан Кашка-Суу айылында 4 балл, Кызыл-Капчыгайда 4 балл  жана Кербен айылында  3 баллга чейин жеткен.