Жаңылыктар
Санарипке өтүү жагдайлары
Кыргызстан жаңылыктары
Санарипке өтүү жагдайлары

Санариптик телерадио берүүгө өтүү программасын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өттү. Анда санариптик көрсөтүүгө өтүүдө лицензиялоо - уруксат берүү жөнүндө мыйзамга түзөтүү киргизилүүдө. 

Демилгечилердин айтуусунда, санариптик телекөрсөтүүгө өтүү менен берүүлөрдүн сапатын жогорулатууга кам көрүлүүдө, ошол эле маалда телеканалдардын рекламадан киреше табуу мүмкүнчүлүктөрү кыскарууда. 

Мындан улам, ата-мекендик телеканалдарды санариптик системада колдоо үчүн мыйзамдын эки беренесине түзөтүү киргизилүүдө. 

Кыргызстан 2017-жылдын 15-майында аналогдук көрсөтүүнү өчүрүп, толугу менен санарипке өтөт. Бул үчүн өлкөдө көптөн бери аракетер көрүлүп жатат. Алгач мыйзамдык базаны ылайыкташтырып, телеканалдардын техникалык базасын түптөө зарыл болгон. Санарипке өтүү менен учурда Кыргызстанда 43 телеканал пайда болду. 

Адистердин пикиринде алардын баары эле мыйзам талаптарына жооп бере бербейт. Ошондуктан санарипке өтүү жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилүүдө.