Жаңылыктар
Дыйкандар үчүн арзан насыя
Экономика
Дыйкандар үчүн арзан насыя

Февраль айынын аягынан тартып айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагына жылдык үстөгү 6 пайыздык насыя бериле баштайт. Насыялоо мамлекеттик жана коммерциялык банктар аркылуу жүргүзүлөт. 

Бул аракеттер өкмөттүн "айыл чарбасын колдоо-5" долбоорунун алкагында ишке ашканы турат. Айыл чарбасын колдоо үчүн бериле турган жеңилдетилген насыялар ишкерлердин ЕАЭБ базарына чыгуусуна мыкты шарт түзөт. 

Бул айыл чарба тармагын каржылоо боюнча кезектеги долбоор. Буга чейин тармакты өнүктүрүүгө багытталган бир топ долбоорлор ишке ашырылган. Бирок көпчүлүк дыйкандардын насыяны төгүүгө чама чаркы чектелүү болгондуктан кредит алууга баарынын эле кудурети жетпей келген. 

Быйыл өкмөт дыйкан фермерлерди колдоо максатында арзан насыя бергени турат.