Жаңылыктар
“Ататүрк-Ала-Тоо” университетинин диплому Түркияда мындан ары таанылбайт
Билим
“Ататүрк-Ала-Тоо” университетинин диплому Түркияда мындан ары таанылбайт

“Ататүрк-Ала-Тоо” эл аралык университетинин  дипломдору  Түркияда  мындан ары таанылбайт. Стамбул прокуратурасы буга аталган жогорку окуу жай террористтик идеяларды  жайылтууда  деген жүйөөнү  келтирүүдө. Буга чейин түрк өкмөтү Кыргызстан түрк оппозиционери Фетхуллах Гюлен  негиздеген “Себат” тутумундагы   бардык билим берүү  мекемелери жабылышы керектигин  билдирип чыгышкан. Түрк  расмийлеринин мындай  билдирүүлөрү былтыры жай  айында  Түркиядагы  аскерий  төңкөрүш  аракетинен кийин  жарыялана баштаган. Алар  төңкөрүштүн  уюштуруучуларынын  башында  АКШда  жашап жаткан түркиялык  оппозиционер  Фетхуллах  Гюлен  турат деп күнөөлөшүүдө.

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"