Жаңылыктар
Террористик сайттар жабылды
Дин
Террористик сайттар жабылды

Былтыр Кыргызстанда экстремизимди жана терроризмди жайылтууга шектүү делген 86 сайт жабылган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган сайттар экстремизим, терроризмди жайылтууда деген кине менен соттун чечими менен иши токтотулган. Ошол эле учурда социалдык тармактар аркылуу радикалдык идеяларды жайылткан адамдар да аз эмес. 

Радикалдык маанайдагы уюмдар менен мусулман коомчулугу да күрөш жүргүзүп келет. Маселен 2002-жылы Египеттин борбору Каирдеги Аль-Азхар университетинин имамы шейх Мухаммад Сайид Тантави “өзүн-өзү өлтүргөн, тынч жашап жаткан элге кол салган террористтер шахид деп эсептелбейт” деген фатва чыгарган. Ал эми 2015-жылы дүйнөдөгү 126 белгилүү ислам дин аалымдары өздөрү Ислам мамлекети деп алган ИГИЛдин лидери Абу Бакр аль-Багдадиге кайрылуу кат жолдошуп, анда халифатты түзүү үчүн дүйнөдөгү бардык мусулмандардын макулдугу керек, өзүн ИГИЛ деп атаган бир ууч адамдардын чечими, алардын жасап жаткан иштери, диний көз караштары, идеологиясы туура эмес, исламга жат деп билдиришкен.     

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"