Жаңылыктар
Кадамжайдын мэрин шайлоого экинчи жолу кворум болбой, мэр шайланбай калды
Саясат
Кадамжайдын мэрин шайлоого экинчи жолу кворум болбой, мэр шайланбай калды

Кечээ, 7-февралда Кадамжай шаарынын мэрин шайлоого экинчи жолу кворум болбой, мэр шайланбай калды.

Республикада 20-январдан тарта 411 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына, шаар мэрлерине шайлоолор өттү. Анын отуз тогузунда башчы шайланбай калып, кайра шайлоо белгиленди. Буга талапкерлер жетиштүү добуш ала албай калышы эң башкысы кеңештин кворумга чогулбай калышы себеп болууда.

Парламентте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын түз шайлоо боюнча мыйзам долбоорун каралып жатат. Демилгечилер мыйзам кабыл алынса, мындай көйгөйлөрдү чечерине ишенип артышат. 

Бозулан Ысаков, "Биринчи радио"