Жаңылыктар
“Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө” мыйзам долбоору кайра каралат
Кыргызстан жаңылыктары
“Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө” мыйзам долбоору кайра каралат

“Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө” мыйзам долбоорун кайра карап чыгуу максатында жумушчу топ түзүлдү. Буга аталган документтин 4-беренеси боюнча коомчулукта пайда болгон ача пикирлер себеп болду. Эми бул кемчилик-сунуштарды медиа эксперттер, депутаттар, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн  турган  топ  кайрадан карап чыгат. Эске салсак, өлкө аймагындагы телерадиолорду санарипке өткөрүү боюнча  “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча Жогорку Кеңеште паралментти к угуу өттү.  

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"