Жаңылыктар
Борбор калаада мыйзамсыз курулуштар боюнча 8 кылмыш иши козголгон
Кылмыш
Борбор калаада мыйзамсыз курулуштар боюнча 8 кылмыш иши козголгон

 2016-жылы, Борбор калаада мыйзамсыз курулуштар боюнча 8 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын коллегиясында айтылып, борбордогу 260 объект текшерилгени маалымдалды. Анын жыйынтыгы боюнча 117 курулуш имараттарында мыйзам бузуулар бар экени аныкталып, 74 прокурордук чара көрүү актысы түзүлгөн. Ал эми жакында эле Бишкек мэриясы мыйзамсыз курулуштарды аныктоо жана алдын алуу боюнча ыкчам штаб түзүп, башаламан курулуштар менен күрөшүүгө “шымалана” киришти. Акыркы бир жума ичинде баш калаада мыйзамсыз курулган 3 имарат бузулган. Андыктан куруучу компаниялар алгач мыйзамуу документтерин даярдап алса дейт адистер. 

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"