Жаңылыктар
Кайра иштетүү тармагына жеңилдетилген насыя берилет
Экономика
Кайра иштетүү тармагына жеңилдетилген насыя берилет

Кайра иштетүү тармагына үстөгү 6 пайыздык жеңилдетилген насыя үч жылга берилет. Бул тууралу сунушталган документке өлкөнүн Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койду. Эми айыл чарба азыктарынын бардык түрүн жергебизде кайра иштетүүгө жаңы мүмкүңдүктөр жаралат. Экинчиден жаңы жумушчу орундар пайда болушуна өбөлгө түзүлөт. 

Эске сала кетсек, дыйкан-фермерлерге женилдетилген насыя бериле баштаганда кайра иштетүү  тармагына унутта калып келген. Эми минтип бул тармакка үстөгү 6 пайыздык  женилдетилген насыянын берилиши чакан жана ири ишканаларды ачууга өбөлгө жаратат  дешет адистер.

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"