Жаңылыктар
Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушунун чыгымдарын ким текшерет?
Экономика
Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушунун чыгымдарын ким текшерет?

Эсептөө палатасы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушуна корогон каражаттар боюнча текшерүү жүргүзө албайт. Мекеме жетекчиси муну мыйзамга байланыштырууда. Маселе Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде талкууланып, Россия менен келишим түзүүдө кемчиликтер болгону айтылды. Орусиялык ишкана Жогорку Нарындагы ГЭСтердин курулушуна 37 миллион доллар сарпталганын билдирген. Ал эми кыргыз тарап “Руссгидронун” бул маалыматына ишенбейт.

Эл аралык аудиторду жалдоо өкмөттүн иши. Мындан улам депутаттар аталган маселеге байланыштуу аткаруу бийлигинин да пикирин угууну туура көрдү. Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу 2013-жылы башталып, бирок иш көп узабай үзгүлтүккө учураган. Чыгымдарды толугу менен көтөргөн “Ругидро” ишканасы муну Орусиядагы кризиске байланыштырган эле. Москва курулуштун мөөнөтүн жылдыра турууну сунуштаган. Бирок, кыргыз тарап долбоорду эртерээк ишке ашырууну туура деп эсептеп, келишимди жокко чыгарган. Учурда ишти улантуу үчүн инвестор изделип жатат. Россиянын буга чейинки сарптаган каражаттарын жаңы өнөктөш төлөп бериши керек.

Калыгул Асамбев, "Биринчи радио"