Жаңылыктар
Жол кырсыгын азайтуунун кандай жолдору бар?
Кырсык
Жол кырсыгын азайтуунун кандай жолдору бар?

Адамдардын кайдыгерлиги, жол эрежесин сактабагандыгы гүлгүндөй жаш өмүрлөрдү алууда. Маселен 2-февралда катталган жол кырсыгы 1 мектеп окуучусун, 2 студенттин өлүмүнө себепкер болду. Жергиликтүү басылмалардан ар жумада 2 же 3 ирет адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы тууралуу маалыматты окууга болот. Былтыр күзүндө Кыргызстан жол кырсыгынан болгон өлүм боюнча дүйнөнүн 179 өлкөсүнүн ичинде 60-орунга чыккан. Деги эле жол кырсыгын азайтуунун кандай конкреттүү жолдору бар? Биринчи жоопкерчиликти ким сезиши керек? Дал ушул суроолордун тегерегинде “Биринчи радионун” баяндамачысы Таалайгүл Чабдарова мурунку Жол кайгуул кызматынын жетекчиси Болот Борбиев менен маек курган. Аны төмөндө жайгашкан аудио аркылуу укса болот.

Таалайгүл Чабдарова, "Биринчи радио"