Жаңылыктар
ЕАЭБ: жарым жылдын жемиши
Экономика
ЕАЭБ: жарым жылдын жемиши

Кыргызстандык 15 ишкана Орусия Федерациясына эт, сүт жана балык өткөзө баштайт. Коңшу өлкөнүн тийешелүү тармакка көзөмөл кылуучу кызматы кайра иштетилген айыл-чарба продукцияларын киргизүүгө урусат бергенин Экономика министрлигинен билдиришти.

Өндүрүштү чыгарууга уруксаты бар ишканалардын тизмеси Орусиянын айыл-чарба өндүрүшүнө көзөмөл кылуучу кызматынын расмий сайтына жарыяланды. Алардын басымдуу бөлүгү, же тактап айтканда 12си сүттү кайра иштетүү менен алектенет. Бул чечим кабыл алынганга чейин өндүрүш - болгону Казакстандын гана бир канча облустарына чыга алчу. Орусия болсо - биздин кайра иштетүүчүлөр үчүн жабык эле...

Мындан сырткары, республикадагы эпизоотикалык кырдаалга жана ветеринарлардын ишине баа берүү үчүн учурда Эл аралык эпизоотикалык бюронун эксперттери иштешүүдө. Алар ишинин жыйынтыгы менен экспортко чыгуу мүмкүнчүлүктөрүнө өз корутундусун чыгарышат. Бир айдан кийин толук баасын беришерин убада кылышууда.

ЕАЭБтин алкагында айыл-чарбасын өнүктүрүү үчүн жасалып жаткан иштер тууралуу Улан Бакировдун материалында: