Жаңылыктар
Атамбаев Саламаттыкты сактоо министри Батыралиевди кабыл алды
Ден соолук
Атамбаев Саламаттыкты сактоо министри Батыралиевди кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевди кабыл алды. Жолугушууда министр саламаттык сактоо тармагындагы жүргүзүлүп жаткан реформа, жарандардын ден соолугунун бекемдөө боюнча жасалып жаткан иштер жана жугуштуу оорулардын алдын-алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди. 

Тармактагы реформанын улантуу маанилүү экенин айткан мамлекет башчы-реформа жүргүзүүдө эң башкысы калкка медициналык тейлөө көрсөтүүнү жакшыртуу жана коррупцияны жоюу башкы милдет экенин баса белгиледи. Министр ошондой эле, Дача Судагы авиакырсыктан жапа чеккен жана жакындарынан айрылган мекендештерибиздин ден соолугун калыбына келтирүү боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Батыралиев-өлкөдө курулуп жаткан ири медициналык мекемелер жана медицина тармагында чет өлкөлүк өнөктөштөр менен бирге ашырыла турган долбоорлор тууралуу дагы айтып берди.