Жаңылыктар
Тургунду ур-токмокко алган милиция кызматкерлери кармалды
Кылмыш
Тургунду ур-токмокко алган милиция кызматкерлери кармалды

Ээн баштык кылып, жай тургунду ур-токмокко алган милиция кызматкерлери кармалды. Алар учурда убактылуу кармоочу жайга камалып, окуя туурасында сурак беришүүдө. 

Эскерте кетсек Бишкектеги кафелердин биринде эс алып чыгып келе жаткан милиция кызматкерлери жөн жерден бир адамды сабап салышкан. Бул окуя видео көзөмөлдөөчү камерага түшүп калып, интернеттеги баракчаларда катуу талкуу жараткан. Кармалган эки кызматкер оперативдик кызмат бөлүмүнүн кызматкерлери экендиги маалым болду.