Жаңылыктар
Жерүй алтын кен ишканасын ишке киргизүү өз нугунда ишке ашууда
Кыргызстан жаңылыктары
Жерүй алтын кен ишканасын ишке киргизүү өз нугунда ишке ашууда

Жерүй алтын кен ишканасын ишке киргизүү убактысы созулуп жатат деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, учурда тиешелүү мамлекеттик мекемелер менен документтерди макулдашуу жумуштары аяктап калды. Алтын кенди иштетүүгө лицензияны 2015-жылы май айында орусиялык "Чыгыш геология өндүрүш" компаниясы утуп алып, ал үчүн 100 миллион доллар төлөгөн. 

Жер үй алтын кенин иштетүү өз убагында жана толук кандуу ишке ашырылат. Бул убакыт февраль айларынын аягы, марттын баштарына туура келүүдө. Мамлекеттик комитеттен билдиришкендей буга чейин Орусиялык компания менен долбоорлорду макулдашуу иштери жүргүзүлүп келди.

Комитет жетекчиси мындай ири өндүрүштүн долбоорун даярдоо оңой олтоң иш эмес экенин айтат. Азыркы учурга карата 6 долбоордун ичинен 4төө жактырылган, ал эми дагы эки документ аяктоо алдында турат. Алар калдык сактоочу жайдын жана алтын кенди чыгаруучу фабриканы курууга тиешелүү. Адистер бул жолу экологияга олуттуу көңүл бурууга чакырып жатышат. Жерүй кени алтындын кору боюнча Кумтөрдөн кийинки эле экинчи орунда турат. Андыктан буга чейин кетирилген каталарга жол бербей, бул жаатта компанияга катуу талап коюу керек дешет.

Социалдык пакет демекчи орусиялык компания менен келишимде бул маселелердин бардыгы так сүйлөшүлгөн. Маселен лицензияны сатуудан түшкөн каражаттын бир бөлүгү айыл өкмөт, район жана облуска социалдык колдоо катары буга чейин эле бөлүнүп берилген. Мындан сырткары жыл сайын бөлүнүүчү төлөмдөр бар.

Мындан сырткары учурда район жана облустун өнүктүрүү фонддору тарабынан кичи жана орто ишкерликти колдоого, айыл чарбасына төмөн пайыздык үстөк менен насыялар берилүүдө. Бөлүнгөн каражаттын 70 пайызы мына ушул багытка берилери айтылууда.

Мындан сырткары облустун инфраструктурасын өнүктүрүүгө көңүл бурулуп, бала бакча, мектеп, жолдор, бейтапканалардын материалдык техникалык абалын жакшыртуу пландалууда. 2016-жылы эле социалдык мекемелердин оңдоп түзөө иштерине 5 млн сомдон ашык каражат бөлүндү.