Жаңылыктар
Санариптик сигналды сапаттуу кабыл алган антеннаны ойлоп тапкан жаран
Кыргызстан жаңылыктары
Санариптик сигналды сапаттуу кабыл алган антеннаны ойлоп тапкан жаран

Санариптик сигналдарды сапаттуу кабыл алгыч. Базарларда сатылып жаткан антенналардын арасында Кыргызстандык жөнөкөй жарандар тарабынан ойлоп табылгандары да бар. Бишкек шаарынын тургуну Шаршенби Мурзалиев жыйырма жылдан бери, видео жана радио толкундарды кармай турган жабдыктарды жасап келет.

Пайгамбар жашына келип калган Шаршенби Мурзалиев видео толкун кабыл алуучу жабдыкты мындан бир канча жыл мурда эле ойлоп тапкан. Бирок ал убакта антеннасы анчалык актуалдуу болгон эмес. Эми санариптик телекөрсөтүүгө өткөнү анын жасаган жабдыгы суроо талапка ээ болуп жатат.

Шаршенбек Мурзалиев бул жабдыкты “ Ромбик” деп атап койгон. Ал кырктан ашуун санариптик теле берүүлөрдү көрсөтө алат. Дагы бир өзгөчөлүгү сигнал кабыл алуучу жабдыкты каалагандай орнотуп алса болот.

Ал арада Шаршенби Мурзалиев келечекте сигнал кабыл алуучу жабдыктын дагы да жаңы үлгүлөрүн ойлоп табууну максат кылууда.