Жаңылыктар
Республика боюнча кар аралаш жамгыр жаашы күтүлүүдө
Өзгөчө кырдаал
Республика боюнча кар аралаш жамгыр жаашы күтүлүүдө

10-февралдан 16-февралга чейин республика боюнча  кар аралаш  жамгыр жаашы күтүлүүдө. Синоптиктер  мындай көрүнүштү абанын температурасынын жогорулап бараткандыгынан улам деп түшүндүрүшүүдө. 

Тактап айтканда, бул күндөрү  өлкөнүн көпчүлүк дыйканчылык аймактарында 10 градустан 12 градуска чейин күн жылыйт. Аба ырайындагы өзгөрүүлөр республиканын бийик тоолуу  райондорунда бир катар табигый кырсыктарды  шартташы  мүмкүн. Буга быйыл кыштын эрте башталышы, жаан-чачындын нормадан  ашыкча жааганы себеп болууда. 

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"