Жаңылыктар
Жазында Жерүй алтын кенинде курулуш иштери башталат
Экономика
Жазында Жерүй алтын кенинде курулуш иштери башталат

Быйыл жазында Таластагы Жерүй алтын кенинде курулуш иштери башталат. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин коллегиялык отурумунда айтылды. Анда жаз менен курулуш иштери активдүү жүргүзүлө тургандыгы белгилүү болду. 

Эске салсак, Кыргызстандагы алтындын кору боюнча “Кумтөрдөн” кийинки эле ири кен Жерүй иштетүү укугун Орусиялык "Восток-геолдобыча" компаниясы утуп алган. Алар буга чейин 100 миллион сомдук каражатты аталган аймактагы инфраструктуралык объектилерди курууга бөлдү. Талдоочулар алтын кендин келечеги кең экендигин айтууда. 

2015-жылы май айынын башында "Восток-геолдобыча" компаниясы сынакта Жерүй кенин иштетүү үчүн кен байлыктарды пайдалануу жана Жерүй аянтын геологиялык изилдөөгө алуу укугун жеңип алган. Ал эми эксперттер мамлекеттик датацияда олтурган Талас облусунун калкы үчүн алтын кенин иштетүү жаңы мүмкүңдүктөрдү ачат. Жергиликтуу элдин бир катар социалдык маселелери он жагына чечилерине шарт жаралата тургандыгын белгилеп келет.

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"