Жаңылыктар
Жаанбаев дүйнөлүк медициналык календарды иштеп чыкты
Билим
Жаанбаев дүйнөлүк медициналык календарды иштеп чыкты

Ош шаарында доктор Манас Жаанбаев  биринчилерден болуп, бүткүл дүйнөлүк медициналык календарды иштеп чыкканын жарыялады. Дүйнөлүк календар “Айкөл Манас Ааламы”деп аталат. Анда адамдын рухунун, психологиялык жан дүйнөсүнүн  өзгөчөлүктөрүнүн  космостук программасы далилденип түзүлгөн. Тагыраагы адамдардын өзгөчөлүгүн алардын туулган  жылына, айына карап билүүгө аракеттенгендигин айтты. 

Дүйнөлүк медицинанын тарыхында биринчи жолу негизделген календарда адамзаттын кан тамыр каналдары, ошондой эле биологиялык сааты өз-өзүнчө ажыратылып көрсөтүлгөн. Маселен кан тамыр каналдары аркылуу инсандардын кандай касиеттерге ээ экенин, мүнөзүндөгү өзгөчөлүктөрдү билүүгө болот. Аны Манас Жаанбаев адамдарын туулган күнү,жылы жана мүчөл белгисинин жардамы менен аныктап берүүгө аракеттенген. Ал эми биологиялык сааты бөлүгүндө адамзаттын анотомиялык өзгөчөлүктөрүн билүүгө басым жасалган. Айрыкча заманбап медицина аркылуу аныкталбай жаткан оорулардын түрлөрү адамзаттын келип чыккандан берки өзгөчөлүктөрү аркылуу билүүгө болот дейт.

Дүйнөлүк календарга 1997-жылы патент берилген. Мындан улам ал Интелектуалдык менчик болуп саналат. Эң негизгиси биринчилерден болуп түзүлгөнү үчүн календарга кызыкандар дүйнөлүк коомчулукта арбын болууда. Ага байланыштуу негиздөөчү Манас Жаанбаев өлкө башчысына укуктук коргоо,аны жайылтуу максатында колдоп берүүсүн суранып кат жолдоду.

Асанбек Пазыл, "Биринчи радио", Ош шаары.